Кыргызстанда коронавирус пандемиясы боюнча эпидемиологиялык абал турукташа баштады.
Бирок айрым аймактарда COVID-19га чалдыккан жарандардын саны өсүп жатат.
Кырдаал Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарына тиешелүү, деп билдирди
премьер-министр Кубатбек Боронов. Өкмөт башчы белгилегендей, Ысык-Көлдөгү
кырдаалдын начарлашы туристтик сезондун башталышы менен байланыштуу.
Облус аймагына кирүүдө ар бир жаран текшерилип жатат. Бирок коронавирустун
белгилери эс алуу учурунда гана билинип жатат, — деп кошумчалады Боронов.