Кыргызстан мектептеринде мугалимдер жетишсиз.
Орто билим берүү мекемелерине 2 миң 250 педагог талап кылынат.
Бул тууралуу билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кадрлардын жетишсиздиги учурда Чүй, Жалал-Абад жана
Ош облустарында, ошондой эле Бишкекте курчуп турат. Ал эми Талас жана Нарын
облустарында вакансия аз. Жалпысынан өлкөдөгү 2 миң 200 мектепте 78 миң мугалим эмгектенет.