Обсервация жана госпиталда жаткан жарандардын тамак-ашына 38 миллион сом сарпталды

Обсервация жана госпиталда жаткан жарандардын тамак-ашына 38 миллион сом сарпталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров билдирди. Анын айтымында, жалпысынан 33 миң жаранга 779 миң порция тамак берилди. Мындан тышкары обсервация жана госпиталдык жайларды даярдоо, дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү, бейтап жана медицина кызматкерлерин үч маал… Кененирээк…

Түштүк Корея Кыргызстанга  5 миллион доллар берет

Түштүк Корея Кыргызстанга  5 миллион доллар берет. Бул тууралуу өлкөнүн Стратегия жана каржы министрлигине таянып, жергиликтүү KBS телеканалы билдирди. Жардамды алуучулардын катарында биздин өлкөдөн тышкары Вьетнам, Камбоджа, Гаити жана Уганда мамлекеттери бар. Келген каражат «өлкөнүн санариптик инфраструктурасын» жакшыртууга багытталат. Акчалар коронавируска каршы күрөшүү үчүн бөлүнүп… Кененирээк…

Кыргызстанга Кытайдан кычкылтек концентраторунун дагы бир партиясы жеткирилди

Кыргызстанга Кытайдан кычкылтек концентраторунун дагы бир партиясы жеткирилди. Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей, жаңы 78 аппарат республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынды. Жабдуулар аймактарга бөлүштүрүлөт. Учурда алар Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди. Ушул жумада дагы 350 аппарат келери күтүлүүдө. Жалпысынан Кыргызстан Кытайдан 2 миң кычкылтек… Кененирээк…

Бишкек жана Ош шаарларында стационарлар жабылууда

Бишкек жана Ош шаарларында стационарлар жабылууда. Буга себеп ага кайрылгандардын саны кескин төмөндөгөнүндө. Ордо калаадагы Кара-Жыгач конушунда ресторанда, Жал кичи районундагы №95-мектепте, ошондой эле “Сейтек” мектебиндеги стационарлар жабылды. Мындан тышкары Ош шаарындагы Алишер Навои атындагы мектептин базасындагы стационар да убактылуу иштебейт. Мекемелер убактылууга гана бейтаптарды… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 653 адам коронавирустан айыгып чыкты

Кыргызстанда дагы 653 адам коронавирустан айыгып чыкты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдиргендей, айыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкекте жана Чүй облусунда. Акматова белгилегендей, айыгып чыккандардын арасында 101 жаштагы карыя бар. Ушуну менен өлкөдө коронавирустан сакайгандардын жалпы саны 27 миң 927ге  жетти.

Ысык-Көл облусунда коронавирустун көбөйүшү аймакка кирген жарандардын саны жгорулаганына байланыштуу

Ысык-Көл облусунда коронавирустун көбөйүшү аймакка кирген жарандардын саны жгорулаганына байланыштуу. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди. Анын айтымында, көл аймагында эпидемиологиялык абал өткөн аптада кескин курчуду. Аймактагы дүкөндөргө, сейил бактарга, эс алуу жайларына баргандардын саны өстү. Мындан улам ал облус конокторуна… Кененирээк…

Кыргызстанда март айынан бери коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин төртөө гана 200 миң сом компенсация алды

Кыргызстанда март айынан бери коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин төртөө гана 200 миң сом компенсация алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Каржы башкармалыгынын жетекчиси Муктарбек Баймурзаев билдирди. Анын айтымында, вирус жуктурган 40 медицина кызматкери компенсация сурап арыз жазган. Алардын документтери туура толтурулбагандаыктан  кайра артка кайтарылган.… Кененирээк…

Жогорку окуу жайларга II турдун жыйынтыгы менен 6 миң 260 абитуриент кабыл алынды

Жогорку окуу жайларга II турдун жыйынтыгы менен 6260 абитуриент кабыл алынды. Анын ичинен 1130 адам бюджеттик негизде, 5130 адам келишимдик негизде билим алышат, -дешти билим берүү министрлигинен. Ар бир турда абитуриентте 2ден талон болот. Анын бирин келишимдик негизде, экинчисин бюджеттик негизде билим алууга таштай алат.… Кененирээк…

Ош шаарындагы Алишер Навои мектебинде ачылган күндүзгү стационар жабылды

Ош шаарындагы Алишер Навои мектебинде ачылган күндүзгү стационар жабылды. Мэриянын маалыматына ылайык, аталган стационарга кайрылгандардын саны азайгандыктан азырынча толугу менен эмес, убактылуу ишин токтотту. Белгилеп кетсек, Ош шаарындагы 18 изоляцияда 1 миң 182 орун даярдалган. Күндүзгү 6 стационар ачылса, анын ичинен 4 стационар бейтаптарды күнү-түнү… Кененирээк…

Күзгү-кышкы сезондо калк электр энергиясыз калбайт

Күзгү-кышкы сезондо калк электр энергиясыз калбайт. Мындай убаданы президент Сооронбай Жээнбеков берди. Ал белгилегендей, былтыркыга салыштырмалуу быйыл нымдуулуктун көлөмү 2 миллиард 400 миллион кубга аз. Быйыл жай мезгили салкын болгондуктан тоодогу мөңгүлөр эрибей Токтогул, Киров, Орто-Токой, Папан суу сактагычтарына суу азыраак топтолду. Эми ушул айга… Кененирээк…