Эл аралык уюмдар Кыргызстанга 9 миллион сомдук гуманитардык жардам беришти

Коронавирус пандемиясы учурунда эл аралык уюмдар Кыргызстанга 9 миллион сомдук

гуманитардык жардам беришти. Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров билдиргендей,

эл аралык уюмдардан гуманитардык жардам жеке коргонуу каражаттары, гигиеналык заттар жана

башка товар түрүндө келди. Мындан тышкары Кыргызстандагы дарыгерлерге жардам берүү

максатында чет өлкөлөрдөн медицина кызматкерлери жеткирилди. Акыркы адистердин тобу

Россиядан келип, учурда алар аймактарда коронавирус менен күрөшүү иштерин жүргүзүп жатышат.