Токмокто күндүзгү стационарга медициналык жардам алууга кайрылгандардын саны азаюуда.
Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, июль айынын башында медицина кызматкерлеринен
жардам алуу үчүн күнүнө 500дөн адам кайрылса, 1-августта бул көрсөткүч 215ти түздү.
Кечээ болгону 178 бейтап кайрылды. Дарылоо мекемеси бир ай мурда спорт мектебинин имаратында
ачылган. Ага бейтаптар багыттама жана үй-бүлөлүк дарыгердин көрсөтмөсү боюнча кабыл алынат.