Сауд Арабиясынын Мекке шаарында быйылкы ажылык сапар аягына чыкты

Сауд Арабиясынын Мекке шаарында быйылкы ажылык сапар аягына чыкты.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдөн улам, бул ирет зыяратка

жергиликтүү жана чет өлкөлүк 10 миң гана адам катыша алды. Кааба ташын айлануу

учурунда да аралыкты сактоо талабы коюлду. Жашы 60тан жогорку карыялар киргизилген жок.

Санитардык талаптар сакталышы көзөмөлгө алынды. Белгилеп кетсек, жыл сайын

ажыга 180 өлкөдөн 2 миллиондон ашык мусулман зыяратка барып турчу.