Бишкекте пневмониянын оор түрү менен ооруканага келип түшкөн 101 жаштагы карыя айыкты

Бишкекте пневмониянын оор түрү менен ооруканага келип түшкөн 101 жаштагы карыя айыкты.

Учурда бейтап үйүнө чыкты, абалы жакшы деди, — президент менен өкмөттүн Иш башкармалыгынын

клиникалык ооруканасынын жетекчиси Гүлмира Баитова. Дарыгердин айтымында, кылым жашаган

аксакал аталган медициналык мекемеде дарыланган. Белгилей кетсек, Кыргызстанда акыркы

суткада 653 адам коронавирусту жеңип, жалпы айыгып чыккандардын саны 27 миң 927 болду.