Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун 3-туру старт алды

Бүгүн Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун 3-туру старт алды. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, бюджеттик негизде окууга өтүү үчүн негизги тестирлөөдө 110, предметтикте 60 упай болушу керек. Ал эми келишимдик негизде билим алууга босого упай – 105 балл деп орнотулду. Эске салсак, быйыл эпидемиологиялык кырдаалга… Кененирээк…

Бишкекте айрым стационарлар ишин токтотууда

Бишкекте айрым стационарлар ишин токтотууда. Мэриянын маалыматына ылайык, бул ордо калаадагы күндүзгү жана түнкү стационарларга кайрылган жарандардын саны кескин төмөндөгөнүнө байланыштуу. Мындан улам Октябрь районундагы «Салтанат» ресторанда ачылган түнкү стационар жана «Сейтек» мектебиндеги күндүзгү стационар ишин токтотту. «Жал» кичирайонундагы №95 мектептеги стационар да бүгүнтөн тартып… Кененирээк…

Италиянын Рим жана Франциянын Париж шаарларында да шайлоо тилкелери ачылат

Италиянын Рим жана Франциянын Париж шаарларында да шайлоо тилкелери ачылат. Шайлоо тилкелери Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломаттык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелерде жайгаштырылат. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата чет мамлекеттерде 42 добуш берүү участогун бекитти. Алардын көпчүлүгү Россиянын аймактарында. Кыргызстанда Жогорку Кеңештин… Кененирээк…

Кыргызстанда келерки окуу жылында 1-класстын окуучулары мектепке барып билим алышы мүмкүн

Кыргызстанда келерки окуу жылында 1-класстын окуучулары мектепке барып билим алышы мүмкүн Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, бул маселени тийиштүү органдар карап жатат. Биринчи чейрек аралыктан окутулат, андан кийинкилерине эпидемиологиялык абалга жараша чечим кабыл алынат. Белгилеп кетсек, 25-июнга карата ата-энелер тарабынан 19 миңден… Кененирээк…

Кубакы ашуусуна түшкөн таштар тазаланды

Кубакы ашуусуна түшкөн таштар тазаланды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен тоодон ылдый сел жүрүп, чоң таштар жолго кулаган. Трассанын алты жеринде жолчулар тазалоо иштерин жүргүзүштү. Учурда тилкеде унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жок.