Лейлек районунун Ак-Суу унаа жолу оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат

Лейлек районунун Ак-Суу унаа жолу оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, учурда тилкеде асфальт төшөө жумуштары кызуу жүрүүдө. Иштерге жалпысынан 5 миллион 300 миң сом каралган. Быйылкы жылдагы планга ылайык, Лейлек районунун аймагында 7 чакырым жолго асфальт төшөө каралган. Анын 3 чакырымы айылдарда, калган 4… Кененирээк…

Быйыл Бишкекте 9 медициналык мекеме оңдоп-түзөөдөн өтөт

Быйыл Бишкекте 9 медициналык мекеме оңдоп-түзөөдөн өтөт. Мэриядан билдиришкендей, жумуштар «Капиталдык оңдоо иштери» беренелери боюнча жай айларынын аягына чейин жыйынтыкталышы керек болчу. Бирок COVID-19 пандемиясына байланыштуу каражат түшкөнгө жараша бөлүнүүдө. Айрым мекемелерде иштер соңуна чыкса кээ биринде баштала да элек. Муниципалитеттен белгилешкендей, жумуштарды суук түшкөнгө… Кененирээк…

15 күндүн аралыгында 1-класстарды окутуу боюнча варианттар сунуш кылынат

15 күндүн аралыгында жаңы окуу жылында 1-класстардын окуу формасы боюнча варианттар сунуш кылынат. Бул тууралуу мектепке чейинки жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Усеналиев билдирет. Анын айтымында, бул маселенин үстүндө учурда 5 консультативдик-эксперттик топ иштеп жатат. Алардын курамына окумуштуулар, алдыңкы мугалимдер, коомдук ишмер, эксперт жана… Кененирээк…

Медицина кызматкерлеринен турган топ Бишкектен Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетишти

Медицина кызматкерлеринен турган топ Бишкектен Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетишти. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ордо калаанын саламаттыкты сактоо уюмдарында иштеген 54 кызматкер пансионаттарда ден-соолугун чыңдашат. Эске салсак, буга чейин жалпысынан коронавирус менен күрөшкөн 1,5 миң медицина кызматкери Ысык-Көлгө реаблитациялык максатта жиберилери маалым… Кененирээк…

Ушул жума бою ордо калаада кургак жана ысык аба-ырайы сакталат

Ушул жума бою ордо калаада кургак жана ысык аба-ырайы сакталат. Күндүз термометр мамычалары 34төн 38ге чейин жогорулайт. Түнкүсүн 22…26 градус + көрсөткүчүндө болот. Аптап аба массалары алмашканда төмөндөйт, — деп билдиришти синоптиктер. Август айынын экинчи чейрегинин аягына чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок кыска мөөнөттүү жаан жаашы… Кененирээк…

Сентябрга чейин бир катар салыктарды төлөө зарыл

Сентябрга чейин бир катар салыктарды төлөө зарыл. Мамлекеттик салык кызматынан эскертишкендей, 1-сентябрына чейин транспорт салыгын, 2-сентябрга чейин – турак жай, батир жана жер салыгын төлөө керек. Жарандар салык органына барбастан бардык банктардын кассаларынан, почта бөлүмүнөн, ошондой эле POS-терминалдар, интернет банкинг жана карталар аркылуу төлөмдөрдү ишке… Кененирээк…

Өлкөдө алгачкы ирет допинг колдонууга каршы борбор түзүлдү

Өлкөдө алгачкы ирет допинг колдонууга каршы борбор түзүлдү. Кызмат Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Допингге каршы күрөшүү дирекциясында негизделди. Эми ал “Улуттук антидопинг борбору” аталышы менен иш алып барат. Ал дүйнөлүк кодекстин жана Кыргызстандагы эрежелердин аткарылышын камсыздайт. Ошондой эле таза спортту жайылтууга салымын… Кененирээк…

Чили бийлиги дүкөндөрдө пластикалык баштыктардын колдонулушуна толугу менен тыюу салды

Чили бийлиги дүкөндөрдө пластикалык баштыктардын колдонулушуна толугу менен тыюу салды. Жаңы эрежеге ылайык, баштык саткан соода түйүнү 300 доллардан жогору айып төлөөгө аргасыз болот. Мындай талаптардын аткарылышына бир жыл мурда даярдык башталган. Чектөөлөрдү киргизүү этап менен ишке ашканын “РИА Новости” чилинин айланы чөйрөнү коргоо министрлигине… Кененирээк…

Россияга чет өлкөлүк жарандардын кирүү тартиби өзгөрдү

Россияга чет өлкөлүк жарандардын кирүү тартиби өзгөрдү. Элчиликтин маалыматына ылайык, 1-августтан тартып Россияга барууну каалаган кыргызстандыктардын колунда коронавирустун жок экендигин тастыктаган анализдин жыйынтыгы болушу керек. Ал маалым кат Россияга кирерден 3 күн мурда, бир гана жеке лабораториядан жасалышы керек. Өлкөгө кирген кыргызстандыктар 14 күн изоляцияга… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Ак-Булак айылынын тургундары таза суу менен камсыз болот

Ысык-Көл облусунун Ак-Булак айылынын тургундары таза суу менен камсыз болот. Президент аппаратынын маалымат бөлүмүнөн билдиришкендей, долбоорду ишке ашырууга Дүйнөлүк банк каражат бөлүп берген. Иштердин жүрүшүндө узундугу 7 миң 800 метр суу түтүгү орнотулуп, 150 метр тереӊдиктен суу чыгарылат. Мындан тышкары резервуар куруу, электр зымдарын тартуу… Кененирээк…