15 күндүн аралыгында жаңы окуу жылында 1-класстардын окуу формасы боюнча варианттар сунуш кылынат.
Бул тууралуу мектепке чейинки жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын
жетекчиси Марат Усеналиев билдирет. Анын айтымында, бул маселенин үстүндө учурда
5 консультативдик-эксперттик топ иштеп жатат. Алардын курамына окумуштуулар,
алдыңкы мугалимдер, коомдук ишмер, эксперт жана аналитиктер кирди. Эми аталган
топ эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен сунуштамаларды беришет.