Лейлек районунун Ак-Суу унаа жолу оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат.
“Турмуш” басылмасы билдиргендей, учурда тилкеде асфальт төшөө жумуштары кызуу жүрүүдө.
Иштерге жалпысынан 5 миллион 300 миң сом каралган. Быйылкы жылдагы планга ылайык,
Лейлек районунун аймагында 7 чакырым жолго асфальт төшөө каралган. Анын 3 чакырымы
айылдарда, калган 4 чакырымы Исфана жана Сүлүктү шаарынын аймагында.