Катардан келген гуманитардык жардам сатылган жок

Катардан келген гуманитардык жардам сатылган жок. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка караганда, чет өлкөдөн келген 420 кычкылтек концентратору Дары-дармек жана медициналык жабдуулар департаментинин кампасында турат. Алар Саламаттыкты сактоо министирлигинин чечими менен гана өлкөдөгү медициналык мекемелерге таратылат. Белгилеп кетсек, 3-августта Катардан Кыргызстанга 250 миң долларга… Кененирээк…

Индиянын Кыргызстанда тартылган тасмасы Netflix сервисинде көрсөтүлөт

Индиянын Кыргызстанда тартылган тасмасы Netflix сервисинде көрсөтүлөт. The Hindustan Times басылмасы билдиргендей, тасма 2017-жылы Бишкекте, Ош облусунда жана Токмок шаарынын аймагында тартылган. Ага Болливуд жылдыздары Санджай Датт жана Наргис Факхри тартылган. Ага катар кыргызстандыктар да массалык эпизоддордо кездешет. Белгилеп кетсек, аталган тасма Индияда мыкты 17 тасманын… Кененирээк…

Россия  Кыргызстандын билим берүү тармагына жардам берет

Россия  Кыргызстандын билим берүү тармагына жардам берет. Москва мамлекеттик университетинен билдиришкендей, жогорку класстар үчүн химия жана физика предметтери боюнча 10 миң 666 китеп өлкөгө жеткирилет. Окуу куралдары Ош шаары жана Ош облусундагы мектептерге багытталат. Аларды тапшыруу аземине эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы өкүлдөр катышат.

Өлкө аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Өлкө аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бүгүн жана эртең көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 22 метрге чейин жетет. Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу бар. Мындай туруксуз аба… Кененирээк…

Кыргызстанда электр энергиясынын авариялык өчүрүлүшү көп катталууда

Кыргызстанда электр энергиясынын авариялык өчүрүлүшү көп катталууда. Өнөр жай, энергетика боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов билдиргендей, акыркы жети айда 3 миңден ашык авариялык өчүрүү болду. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 348ге көп. Башкы себеп, жабдуулардын жарактан чыгышы жана аба-ырайынын туруксуз болушу. Маселени чечүү… Кененирээк…

Кыргызстанда ишкерлерди колдоо үчүн 14 миллиард сом бөлүндү

Кыргызстанда ишкерлерди колдоо үчүн 14 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Ал белгилегендей, каражат пандемия шартында аймактардагы ишкерлерди колдоого багытталат. Бул максатта жеңилдетилген насыя берилет. Ошондой эле банктан насыя алуу үчүн керек болгон документтердин саны жетиден үчкө кыскартылды. Боронов белгилегендей, насыя берүүдө… Кененирээк…

Бир жума аралыгында Россиядан 4 миңге жакын мекендеш Россиядан кайтып келишти

Бир жума аралыгында Россиядан 4 миңге жакын мекендеш Россиядан кайтып келишти. Элчиликтен билдиришкендей, 10-17-август аралыгында чартердик аба каттамдар менен Россиядан 3 миң 915 жаран кайтарылды. Аларга карата 20 чартердик учак уюштурулду. Ал эми жалпысынан аба каттамдар убактылуу токтотулган 20-марттан тартып Россиянын 21 аймагынан 30 миң… Кененирээк…

Кыргызстанга келген Россиялык дарыгерлер ишин жыйынтыктап мекенине кетишти

Кыргызстанга келген Россиялык дарыгерлер ишин жыйынтыктап мекенине кетишти. Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдиргендей, алар Кыргызстанда 25 күндүн ичинде 30дан ашык медициналык мекемеде иш алып барышты. Убакыт аралыгында алар 4 миңден ашык бейтапты карап, 564 адамды оорудан айыктырышты. Эске салсак, 23-июлда Башкортстандан 50 дарыгер коронавируска каршы… Кененирээк…