Кыргызстанга келген Россиялык дарыгерлер ишин жыйынтыктап мекенине кетишти.
Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдиргендей,
алар Кыргызстанда 25 күндүн ичинде 30дан ашык медициналык мекемеде иш алып барышты.
Убакыт аралыгында алар 4 миңден ашык бейтапты карап, 564 адамды оорудан айыктырышты.
Эске салсак, 23-июлда Башкортстандан 50 дарыгер коронавируска каршы күрөшүүгө жардам берүү үчүн
Кыргызстанга келген. Ага чейин, Россиядан 20 аскердик дарыгер Кантка түшкөн.