Бишкектин бир районунда таза суу өчүрүлөт

Бишкектин бир районунда таза суу өчүрүлөт. Мэриядан билдиришкендей, 20-августта таңкы саат 9дан кечки 9га чейин Сүйөркулов, Тыныстанов, Ахунбаев, «Ала-Арча» суусу, Медеров, Радищев, Лев Толстой, Жукеев Пудовкин, Элебесов, Элебаев, Байтик-Баатыр көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө таза суу жок болот. Убактылуу чектөө оңдоо иштерине байланыштуу.

Ордо калаада унаа токтотуучу жайлар белгилүү мөөнөттө акысыз болот

Ордо калаада унаа токтотуучу жайлар белгилүү мөөнөттө акысыз болот. Калаа бийлигинен билдиришкендей, 1-сентябрдан тартып дем алыш күндөрү айдоочулар мэрияга тиешелүү жайларга унааларын акысыз токтото алышат. Ошондой эле муниципалдык унаа токтотуу жайларында мурдагыдай эле 15 мүнөткө жетпеген убакытка токтотуу үчүн, акы чегерилбейт. Унаа токтотуу жайы муниципалитетке… Кененирээк…

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү оңдоп-түзөөдөн өтөт

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү оңдоп-түзөөдөн өтөт. Бейтаптар Сузак аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө кабыл алынат. Облустук штабдан билдиришкендей, имаратын шарты жакшыртылат. Күтүлүп жаткан вирустун экинчи толкунуна карата аймактарда жетиштүү орундар түзүлөт. Ошондой эле Сузак жана Базар-Коргон райондорундагы кошумча жугуштуу оорулар бөлүмү сентябрь… Кененирээк…

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим берүү онлайн режиминде башталат

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим берүү онлайн режиминде башталат. Билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров билдиргендей, тиешелүү буйрукка кол коюлду. Анын айтымында, 1-курстун студенттери үчүн ведомство чектөө киргизген жок. Алар окуу жай менен аралыктан таанышып, адаптациясы аралыктан жүргүзүлөт.

Бактылуу өлкөлөр рейтингинде Кыргызстан 153 өлкөнүн ичинен 74-орунга жайгашты

Бактылуу өлкөлөр рейтингинде Кыргызстан 153 өлкөнүн ичинен 74-орунга жайгашты. ЕАЭБ өлкөлөрү арасында бизден жогору 50-орунда Казакстан жана 73-сапта россиялыктар турат. Беларусия 75, Армения 116 орунда. Бир жыл аралыгында Кыргызстан позициясын 12 тепкичке жогорулата алды. Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн бактылуулук боюнча рейтинги – бул эл аралык изилдөө долбоору.… Кененирээк…

18-19-августта Чемпиондор лигасынын жарым финалдык беттештери өтөт

18-19-августта Чемпиондор лигасынын жарым финалдык беттештери өтөт. Жарым финалисттердин биринчиси – Германия чемпионатынын коло сыйлыгына татыган “РБ Лейпциг” клубу франциялык “ПСЖ” менен кездешет. Экинчиде – Франция чемпионатынын коло байгенин ээси “Лион” жана Германиянын чемпиону “Бавария” командасы ойнойт. Белгилеп кетсек, акыркы 13 жыл аралыгында испаниялык команда… Кененирээк…

Кыргыз темир жолу бейтапканасы кадимки тартипте иштей баштады

Кыргыз темир жолу бейтапканасы кадимки тартипте иштей баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, учурда медициналык мекеменин багытына туура келген бардык бейтаптар кабыл алына баштады. Буга чейин 15-августта бейтапканадан COVID-19 вирусунан сакайган акыркы адам үйүнө чыгарылды.

Кыргызстанда жумушсуз жарандардын саны былтыркыдан 2 пайызга аз

Кыргызстанда жумушсуз жарандардын саны былтыркыдан 2 пайызга аз. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, иш издеген жарандардын саны 97,5 миң адамды түзөт. Ал эми жөн гана жумушсуз катары 78 миң кыргызстандык каттоодо турат. Алардын 52 пайызын эркектер түзөт. Кошумчаласак, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жумуш издеген жарандарга… Кененирээк…

Ордо калаанын айрым аймактарында жарык өчүрүлдү

Ордо калаанын айрым аймактарында жарык өчүрүлдү. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 6га чейин Токтогул, Жаш гвардия бульвары, Салиева, Төрөкул Айтматов, Жибек Жолу, Горький, Киев, Тоголок Молдо көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Чыгыш 5 жана Түштүк 2 кичи райондорунда, Жогорку Орок, Көлмө, Арча-Бешик, Дордой 2 конуштарында… Кененирээк…

Бишкектеги Краснодонцев көчөсүн оңдоо иштери 4 күндө жыйынтыкталат

Бишкектеги Краснодонцев көчөсүн оңдоо иштери 4 күндө жыйынтыкталат. Novosti.kgге “Бишкек асфальт сервис” муниципалдык ишканасынын басма сөз катчысы Рамина Идырова билдиргендей, көчөнүн Баялиновдон Күреңкеев тилкесине чейинки жерине асфальт төшөлөт. Жолдун узундугу 900 метр, туурасы 6 метрди түзөт. Жумуштар 22-августта бүтүшү күтүлүүдө. Бирок туруксуз аба-ырайына байланыштуу иштер… Кененирээк…