Кыргызстанда ишкерлерди колдоо үчүн 14 миллиард сом бөлүндү

Кыргызстанда ишкерлерди колдоо үчүн 14 миллиард сом бөлүндү.

Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ал белгилегендей, каражат пандемия шартында аймактардагы ишкерлерди колдоого багытталат.

Бул максатта жеңилдетилген насыя берилет. Ошондой эле банктан насыя алуу үчүн керек болгон

документтердин саны жетиден үчкө кыскартылды. Боронов белгилегендей, насыя берүүдө

бюрократиялык иш-аракеттерди азайтуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.