Бир жума аралыгында Россиядан 4 миңге жакын мекендеш Россиядан кайтып келишти.
Элчиликтен билдиришкендей, 10-17-август аралыгында чартердик аба каттамдар менен
Россиядан 3 миң 915 жаран кайтарылды. Аларга карата 20 чартердик учак уюштурулду.
Ал эми жалпысынан аба каттамдар убактылуу токтотулган 20-марттан тартып
Россиянын 21 аймагынан 30 миң 656 мекендеш 121 каттам менен өлкөгө кайтты.
Ошондой эле Оренбург жана Самара облустарынан 95 автобус уюштурулган.