Кыргызстанда кышында электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлбөйт

Кыргызстанда кышында электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлбөйт. Буга премьер-министр Кубатбек Боронов убада берүүдө. Ал белгилегендей, суунун аз экенине карабай күзгү-кышкы сезонго карата даярдык иштери график боюнча жүрүп жатат. Ал эми айрым аймактарда жарыктын убактылуу чектелиши электр тармактарын оңдоо иштерине байланыштуу, — деп кошумчалады өкмөт башчы.… Кененирээк…

Австрияда терапевт-иттер медицина кызматкерлерине жардам беришүүдө

Австрияда терапевт-иттер медицина кызматкерлерине жардам беришүүдө. Төрт буттуу жаныбарлар коронавируска кабылган бейтаптар менен иштеп, физикалык жана моралдык жактан чарчаган дарыгерлерге стресстен арылтууга көмөктөшүп жатышат. Мындай иттер кинологдордун коштоосунда эң эле абалы оор палаталарда иштеген медицина кызматкерлерине барышат. Кызыктуусу, дарыгерер мындай сеанстан кийин өздөрүн 100 пайызга… Кененирээк…

Дыйкан – Кара-Кече жолун тазалоо иштери болжол менен бир жумага созулат

Дыйкан – Кара-Кече жолун тазалоо иштери болжол менен бир жумага созулат. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” ишканасынан билдиришти. Эске салсак, трассанын 37-чакырымына таш аралаш жер кыртышы түшүп, каттамды жаап калган. Алдын ала маалымат боюнча, 2 миллион кубометрди түзөт көчкү түшүп, тилкенин 500 метрин жаап калды. Жол тазалоо… Кененирээк…

Кыргызстанда 65 дары-дармектин запасы даярдалууда

Кыргызстанда 65 дары-дармектин запасы даярдалууда. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, учурда препараттардын 27 түрүн сатып алуу үчүн 85 миллион сом каралды. Мындан тышкары COVID-19га каршы дары-дармектердин тизмеси жаңыртылды. Учурда дарыканаларда медикаменттер жетиштүү деңгээлде. Эске салсак, ушул күз айларында коронавирустун экинчи толкуну башталышы… Кененирээк…

Бишкек жана Чүй облусунда бүгүнтөн тартып эмдөө башталат

Бишкек жана Чүй облусунда бүгүнтөн тартып эмдөө башталат. Вакцинан биринси партиясы кечээ өлкөгө алынып келинди. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирет. Ал белгилегендей, 119 миңден ашык доза аймактарга бөлүштүрүлөт. Артыкчылык биринчи кезекте дарыгер, өнөкөт оорусу барларга, кош бойлуу аялдарга, балдар үйүндөгү жана карылар… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-октябрдан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүгү жогорулайт

Кыргызстанда 1-октябрдан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүгү жогорулайт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Ага ылайык, кайра эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча пенсия  орточо эсеп менен 397 сомго жогорулап, орточо суммасы 6 миң 61 сомду түзөт. Ал эми 4 миң 286 сомдон ашпаган пенсиялар 300 сомго,… Кененирээк…

Ордо калаанын айрым аймактарында жарык өчүрүлдү

Ордо калаанын айрым аймактарында жарык өчүрүлдү. “Түндүкэлектр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 6га чейин Чыңгыз Айтматов проспектисинде, Пожарск-Минин, Дэн Сяопин, Чортеков, Айни, Абдраев, Сельсовет, Путь, Месароша, Арзамас, Жамгырчинов, Орозов көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Чыгыш 5 жана Учкун кичирайондорунда, Көк-Жар, Мурас-Ордо, Арча-Бешик, Көлмө жана Кызыл куруучу конуштарында… Кененирээк…

Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар жарактуу мөөнөтү бүткөн паспорту менен добуш бере алышат

Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар жарактуу мөөнөтү бүткөн паспорту менен добуш бере алышат. Мындай чечим өкмөттүн токтомуна ылайык кабыл алынды. Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, чет мамлекеттеги жарандардын паспортунун колдонуу мөөнөтү узартылды. Эми аталган документ 31-декабрга чейин жарактуу деп эсептелет. Кеп, 2006-жылкы үлгүдөгү жана 2004-жылдагы ID-паспорт тууралуу болуп… Кененирээк…

Кафе, ресторан жана тойканаларда орундарды көбөйтүүгө уруксат жок

Кафе, ресторан жана тойканаларда орундарды көбөйтүүгө уруксат жок. Бул тууралуу премьер-министрКубатбек Боронов жарыялады. Ал эскерткендей, маселе штабда каралганга чейин уруксат берилбейт. Чечим кырдаалга жараша каралышы ыктымал. Коронавируска каршы республикалык штабдын чечими менен март айынан тартып массалык иш-чараларга, той-аштарга тыюу салынган. Кийинчерээк коомдук тамактануучу жайларга адамдын… Кененирээк…

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кармалды

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мурдагы министр Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу боюнча шектелүүдө. Натыйжада мамлекеттик бюджет 9 миллион сомго жакын зыянга учураган.  Белгилеп кетсек, Чолпонбаев ушул жылдын 9-июлунда суракка чакырылган. Эртеси абалы… Кененирээк…