Ордо калаада “Жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында оңдоо жакынкы арада башталат

Ордо калаада “Жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында оңдоо жакынкы арада башталат. Вице-мэр Уланбек Азыгалиев муниципалдык кызматтарга кытайлык компания менен келишимди кайра карап чыгып, бардык маселелерди тез арада чечүүнү тапшырды.   Эске салсак, экинчи фаза 2 жылга эсептелип, анын алкагында Бишкекте 60 көчө ремонттолуп,… Кененирээк…

Эртеңден тарта “Түндүкэлектр” карызы бар керектөөчүлөрдү жарыктан өчүрүп баштайт

Эртеңден тарта “Түндүкэлектр” карызы бар керектөөчүлөрдү жарыктан өчүрүп баштайт.   Бөлүштүрүүчү компаниянын маалыматына ылайык, кайра электр энергиясы төлөм толугу менен жүргүзүлгөндөн кийин берилет. Карызды терминалдар аркылуу, электрондук капчыктар аркылуу жана банктардан төлөсө болот.

Кыргызстанда билим берүү аралыктан болсо дагы, мугалимдер балдарды мектепке келип окутуп жатат

Кыргызстанда билим берүү аралыктан болсо дагы, мугалимдер балдарды мектепке келип окутуп жатат. Мунун себебин Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова түшүндүрөт.   “Негизги максаты мындайда – бири биринен үйрөнүү, бири-бирине туура, конструктивдүү кеңеш айтуу. Педагогдорго кызматташып иштөө бул абдан маанилүү. Ошондуктан, колдон келсе, жеке… Кененирээк…

Дагестанда 66 жаштагы киши 5 саатта 9 килограммга арыктады

Дагестанда 66 жаштагы киши 5 саатта 9 килограммга арыктады. РИА Новости билдиргендей, Муги айылынын жашоочусу Багама Айгубов рекорд жаратып, Гиннес рекорддор китебине катталды. Буга карабай жөө күлүк чуркоо учурунда абалы калыптагысынан өзгөргөн жок. Дарыгерлердин айтымында анын саламаттыгы мыкты. Кошумчаласак, пенсионер Дагестандын спорт чебери, бетме-бет таймаш… Кененирээк…

Өлкөдө акыркы суткада коронавирус инфекциясынан 107 адам сакайып чыкты

Өлкөдө акыркы суткада коронавирус инфекциясынан 107 адам сакайып чыкты. Республикалык штабдан билдиришкендей, вирусту жеңгендер Бишкекте — 47, Ош шаарында — 1, Чүй жана Ош облусунда — төрттөн,  Таласта — 6; Ысык-Көлдө — 5, Жалал-Абадда — 14 жана Баткен облусунда — 26. Ушуну менен вирустан айыккандардын… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. 17-сентябрдан 21ине чейин өлкөдө жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 20 метрге чейин жетиши ыктымал. Абанын температурасы кескин төмөндөйт. 20-21-сентябрда Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облусунун тоо этектериндеги райондорунда үшүк жүрүшү күтүлүүдө. Абанын… Кененирээк…

Кыргызстанда 760 май куюучу жай автоматташтырылган системага өттү

Кыргызстанда 760 май куюучу жай автоматташтырылган системага өттү. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирет. Анын айтымында, өлкөдө 1-июлдан тартып май куюучу жайлар, анын ичинде автогаз, газ толтуруучу компрессордук станциялар автоматташтырылган башкаруу системасы менен иштей баштады. Анын өзгөчөлүгү — кардар акы төлөп кассалык чекти албай туруп… Кененирээк…

Бишкектин Малдыбаев жана Токомбаев көчөлөр кесилишинде граффити дубалы пайда болду

Бишкектин Малдыбаев жана Токомбаев көчөлөр кесилишинде граффити дубалы пайда болду. Мэриядан билдиришкендей, стрит-арт долбоору Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноолордун курмандыктарын колдоо эл аралык күнүнө карата тартылды. Анда адам укуктары үчүн күрөшкөн Нельсон Манделанын сүрөтү түшүрүлдү. Ал эркин Түштүк Африканын демократиялык жол менен шайланган биринчи президенти болгон.

Өлкө аймагында оңдоодон өтүп жаткан ооруканалардын жетөөсү жакында иштеп баштайт

Өлкө аймагында оңдоодон өтүп жаткан ооруканалардын жетөөсү жакында иштеп баштайт. Премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, медициналык мекемелерде 1 миң 100дөн ашык орун түзүлөт. Учурда жаңы ооруканаларды эмерек жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Жакынкы аралыкта анда бейтаптар кабыл алына баштайт.

Бишкек — Баткен — Бишкек багыты боюнча аба каттамдар кайрадан жанданды

Бишкек — Баткен — Бишкек багыты боюнча аба каттамдар кайрадан жанданды. Өкмөттүн аймактагы өкүлүнөн билдиришкендей, алгачкы учак менен Бишкектен Баткенге 94 жаран учуп келсе, кайра аймактан ордо калаага 86 жаран кетти. Каттамдар жумасына бир жолу — шейшемби күнү жүргүзүлөт.