Дыйкан – Кара-Кече жолун тазалоо иштери болжол менен бир жумага созулат.
Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” ишканасынан билдиришти. Эске салсак, трассанын
37-чакырымына таш аралаш жер кыртышы түшүп, каттамды жаап калган.
Алдын ала маалымат боюнча, 2 миллион кубометрди түзөт көчкү түшүп,
тилкенин 500 метрин жаап калды. Жол тазалоо иштерине бир катар атайы техника тартылды.