Кафе, ресторан жана тойканаларда орундарды көбөйтүүгө уруксат жок.
Бул тууралуу премьер-министрКубатбек Боронов жарыялады.
Ал эскерткендей, маселе штабда каралганга чейин уруксат берилбейт.
Чечим кырдаалга жараша каралышы ыктымал. Коронавируска каршы
республикалык штабдын чечими менен март айынан тартып массалык иш-чараларга,
той-аштарга тыюу салынган. Кийинчерээк коомдук тамактануучу жайларга адамдын
санын 50дөн ашырбай иштөөгө уруксат берилген. Мындай талапты аткарбаган
юридикалык жактарга 13 миң, жеке адамдарга үч миң сом айып салынат.