Кыргызстанда 1-октябрдан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүгү жогорулайт.
Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Ага ылайык, кайра эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча
пенсия орточо эсеп менен 397 сомго жогорулап, орточо суммасы 6 миң 61 сомду түзөт.
Ал эми 4 миң 286 сомдон ашпаган пенсиялар 300 сомго, аталган суммадан ашкандарга 360 сом кошулат.
Муну менен жалпы пенсионерлердин 38 пайызына же 261 миң 800 адамдын төлөмдөрү көбөйтүлөт.
Эске салсак, 2017-жылы өкмөт жыл сайын күзүндө пенсияны жогорулатып туруу чечимин кабыл алган.