Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кармалды


Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кармалды.

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мурдагы министр Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу боюнча шектелүүдө.

Натыйжада мамлекеттик бюджет 9 миллион сомго жакын зыянга учураган.  Белгилеп кетсек,

Чолпонбаев ушул жылдын 9-июлунда суракка чакырылган. Эртеси абалы начарлап ооруканага түшкөн.

Чолпонбаев 2018-жылы саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалса, быйыл 1-апрелде кызматтан бошотулган.