Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар жарактуу мөөнөтү бүткөн паспорту менен добуш бере алышат

Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар жарактуу мөөнөтү бүткөн паспорту менен добуш бере алышат.

Мындай чечим өкмөттүн токтомуна ылайык кабыл алынды. Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей,

чет мамлекеттеги жарандардын паспортунун колдонуу мөөнөтү узартылды.

Эми аталган документ 31-декабрга чейин жарактуу деп эсептелет. Кеп, 2006-жылкы үлгүдөгү жана

2004-жылдагы ID-паспорт тууралуу болуп жатат. Белгилеп кетсек, мындай паспорттун ээлери

31-декабрга чейин документтин мөөнөтүн узартуу үчүн элчиликке кайрылышы зарыл.