Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жана Өтмөк ашуулары кыймылга толугу менен ачык

Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жана Өтмөк ашуулары кыймылга толугу менен ачык. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, түндө кар жаап, анын калыңдыгы ашууларда 15 сантиметрге чейин жетти. Мындан улам, тиешелүү кызматкерлер жана атайы техника тартылып, тазалоо иштери аткарылды. Учурда ашууларда унаа кыймылына кыйынчылык жок.

Талас облусунда кар жаады

Талас облусунда кар жаады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар соцтармактарга видео жарыялашты. Кар массасы Талды-Булак жана Көпүрө-Базар айылдарына түштү. Жарыяланган видеодон кардын калың экенин көрүүгө болот. Андыктан аталган аймактагы айдоочуларга этият болуу сунушталат. Белгилеп кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 17-сентябрдан 21ине чейин өлкөдө жамгыр жаап,… Кененирээк…

Өлкөдөгү китепкана жана билим берүү мекемелерине акысыз китептер таратылат

Өлкөдөгү китепкана жана билим берүү мекемелерине акысыз китептер таратылат. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия окурмандарга арнап бир нече басылма чыгарды. Китептер «Азыркы адабият», «Дүйнөлүк адабият» жана «Дүбүрт» серияларынын алкагында жарык көрдү. Мындай иштер кыргыз тилин өнүктүрүү максатында жасалды.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы FIFA рейтингинде бир сапка көтөрүлдү

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы FIFA рейтингинде бир сапка көтөрүлдү. Уюмдун сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, муну менен биздин команда 95-орунга жайгашты. Рейтингде алдыңкы орундарда Бельгия, Франция, Бразилия, Англия жана Португалия турат. Ал эми коңшу өлкөлөрдөн Өзбекстан 85-орунда, Казакстан 118инчиде, Тажикстан 122-сапта жайгашты.

Бишкектеги алты ооруканага борборлоштурулган кычкылтек менен газификатор орнотулат

Бишкектеги алты ооруканага борборлоштурулган кычкылтек менен газификатор орнотулат. Экономика министрлигинен билдиришкендей, аталган системаны орнотууга «Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» тендер өткөрөт. Долбоордун жалпы суммасы 40 миллион 519 миң сомду түзөт. Сынакка катышууну каалаган компаниялар 23-сентябрга чейин арыздарын тапшырышы зарыл.

Кыргызстанга вакцинанын экинчи партиясы 21-сентябрдан кийин келет

Кыргызстанга вакцинанын экинчи партиясы 21-сентябрдан кийин келет. Андан кийинкиси октябрдын аягында өлкөгө жеткирилет. Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдиргендей, Кыргызстанда 16-сентябрдан тартып калктын аярлуу катмарына үй-бүлөлүк медицина борборлорунда эмдөө жүргүзүлө баштады. Иштерге мобилдик бригадалар тартылды. 119 миң 663 доза аймактарга жөнөтүлдү, — деп… Кененирээк…

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри өлкөгө 65 миллион сом  зыян келтирген деп шектелүүдө

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри өлкөгө 65 миллион сом  зыян келтирген деп шектелүүдө. Тиешелүү тактоону башкы прокуратура жүргүздү. Ведомствонун маалыматына ылайык, экс-чиновник кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, кеп-кеңеш берүүчү кызматты көрсөтүү үчүн пайдасы жок келишим түзгөн. Белгилеп кетсек, буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик… Кененирээк…

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде 98 адам коронавирус жана пневмониядан айыгып чыкты

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде 98 адам коронавирус жана пневмониядан айыгып чыкты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдиргендей, сакайгандардын басымдуу бөлүгү Бишкекте, Жалал-Абад жана Баткен облустарына туура келет. Ушунун менен ооруну жеңгендердин жалпы саны 41 миң 415ке жетти.

Голливуд жылдызы Мадонна тууралуу тасма тартылат

Голливуд жылдызы Мадонна тууралуу тасма тартылат. Deadline басылмасы билдиргендей, тасманын режиссеру ырчы өз болот. Ал эми сценарийин Диабло Коудиже менен биргеликте жазат. Бирок тасмадагы башкы ролду жылдыз өзү эмес, башка актриса ойнойт. Тасмада Мадонна кантип атактуулукка жеткен жана дүйнөгө жылдыз болуп таанылганы кеңири баяндалат.

Бишкектин бир бөлүгү электр энергиясы жок калды

Бишкектин бир бөлүгү электр энергиясы жок калды. «Бүгүн Бишкек» Telegram каналына калаа тургундары жарыялаган маалыматка караганда, түндө жарык Көк-Жар жана Тунгуч кичи районунун айрым тилкелеринде жана алардын жанында жайгашкан турак-жайларда өчүп калган. Аталган аймакта авария катталды. Мындай ыңгайсыздыкты жоюу үчүн бригада тартылды. Иштер качан аяктап,… Кененирээк…