Талас облусунда кар жаады.
Бул тууралуу жергиликтүү тургундар соцтармактарга видео жарыялашты.
Кар массасы Талды-Булак жана Көпүрө-Базар айылдарына түштү.
Жарыяланган видеодон кардын калың экенин көрүүгө болот.
Андыктан аталган аймактагы айдоочуларга этият болуу сунушталат.
Белгилеп кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 17-сентябрдан 21ине чейин
өлкөдө жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшөрүн билдирип, шашылыш билдирүү тараткан.
Мындан тышкары үшүк жүрөрү да айтылган