Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы FIFA рейтингинде бир сапка көтөрүлдү.
Уюмдун сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, муну менен биздин команда 95-орунга жайгашты.
Рейтингде алдыңкы орундарда Бельгия, Франция, Бразилия, Англия жана Португалия турат.
Ал эми коңшу өлкөлөрдөн Өзбекстан 85-орунда, Казакстан 118инчиде, Тажикстан 122-сапта жайгашты.