Казакстанда ырчыларга салттуу чыгармаларды бурмалап ырдашына тыюу салынат

Казакстанда ырчыларга салттуу чыгармаларды бурмалап ырдашына тыюу салынат. Мындай чечимди өлкө парламентинин төмөнкү палатасы кабыл алды. Ага ылайык, ырчылардын сахнага мас абалында чыгышына жана көрүүчүлөрдү кемсинтишине тыюу киригизилет. Мындан тышкары, ырчылар фонограмма менен ырдай турганын  көрүүчүлөргө алдын-ала эскертип, мындай концерттерге билеттерди арзан сатууга милдеттендирүү сунушталууда.

Өзгөн районунда жаңы мектеп пайда болду

Өзгөн районунда жаңы мектеп пайда болду. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Алча-Башат айылындагы билим берүү мекемесинин жаңы имараты курулду. Мектеп 200 орун окуучуга ылайыкташкан. Долбоорго 32 миллион сом жумшалды. Каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнүп берилди. Учурда объектиде курулуш иштери толугу менен аяктап, пайдаланууга берилди.

Быйыл Кыргызстандын жарандыгына 973 адам ээ болот

Быйыл Кыргызстандын жарандыгына 973 адам ээ болот. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Ага ылайык, жарандык ала тургандардын көбү чет өлкөдөн келген кыргыздар. Ошондой эле, 238 киши Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылат. Белгилеп кетсек, баш мыйзам боюнча кыргыз жарандыгынан чыгарууга жана кабыл алууга президент гана укуктуу.… Кененирээк…

Москва — Бишкек каттамы алгачкы ирет 23-сентябрда жүргүзүлөт

Москва — Бишкек каттамы алгачкы ирет 23-сентябрда жүргүзүлөт. РИА новости билдиргендей, аталган аба жол үчүн учурда билеттер сатыла баштады. Эске салсак, буга чейин Россиянын коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабы 21-сентябрдан тарта Кыргызстан, Казакстан жана Беларусь менен аба каттамын жандантуу чечимин кабыл алган. Ал эми… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында эртең жана бүрсүгүнү таза суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында эртең жана бүрсүгүнү таза суу өчүрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, суу Калыс-Ордо, Мурас-Ордо конуштарында, Дэн Сяопин, Профсоюз, Патрис Лумумба көчөлөрүндө жок болот.   Убактылуу чектөөлөр суу дарбазасындагы оңдоо иштерине байланыштуу.

Кара-Кечеге жаңы жол дээрлик курулуп бүттү

Кара-Кечеге жаңы жол дээрлик курулуп бүттү. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата узундугу 3 чакырым, кеңдиги 4 метр трасса салынды. Эми анын 200 метрге жетпеген тилкеси гана калды.   Эске салсак, өткөн жумада Жумгал районунда тоо көчүп, Кара-Кече кенине барчу стратегиялык жолду жаап… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда 2 миңдей адам каржы пирамидасынан жабыркады

Ысык-Көл облусунда 2 миңдей адам каржы пирамидасынан жабыркады.   Аймактын прокуратурасынан билдиришкендей, келтирилген материалдык зыяндын суммасы 100 миллион сомго жетет. Пирамидалардын көбү Балыкчы шаарында катталган.   Мындай системаларды уюштургандар мамлекеттик органдарда кайрымдуулук фонддор жана жеке ишкерлер катары катталышкан. Айрым активдүү катышуучулар камакка алынды. Тергөө жүрүүдө.

Психологдор күзгү депрессиянын алдын алуу сырлары менен бөлүштү

Психологдор күзгү депрессиянын алдын алуу сырлары менен бөлүштү. Россиялык адис Павел Жавнеровдун айтымында, адатта адам баласы күз келгенде бук боло баштайт.   Андай болбошу үчүн жагымдуу эмоцияларды издөө керек. Жакшы адамдар менен баарлашуу, тамактануу сунушталат. Андан тышкары, көп сейилдеп, дайым кыймылда болуп туруу жакшы жыйынтык… Кененирээк…

WhatsApp тиркемесинде көптөн күткөн функция ишке кирет

WhatsApp тиркемесинде көптөн күткөн функция ишке кирет. Эми бир эле номур менен тиркемени дароо 4 смартфондон ачып колдонсо болот. Мындай жаңычылдык, бир нече телефон менен колдонгондор үчүн ыңгайлуу.   Функция учурда тестирлөөдөн өтүп, жакынкы күндөрү бардык колдонуучуларга жеткиликтүү болот.

Араван районунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси жана бир катар кызматкерлери тартип жазасына тартылды

Араван районунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси жана бир катар кызматкерлери тартип жазасына тартылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.   Эске салсак, Ош облусунун Араван районунда шайлоо боюнча үгүт кампаниясынын алкагында массалык мушташ катталды. Жыйынтыгында, 12 адам ооруканага жаткырылды. 5 унаа талкаланды. Учурда мушташтын себеби… Кененирээк…