Араван районунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси жана бир катар кызматкерлери тартип жазасына тартылды

Араван районунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси жана бир катар кызматкерлери тартип жазасына тартылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

 

Эске салсак, Ош облусунун Араван районунда шайлоо боюнча үгүт кампаниясынын алкагында массалык мушташ катталды. Жыйынтыгында, 12 адам ооруканага жаткырылды. 5 унаа талкаланды. Учурда мушташтын себеби такталып, тергөө жүрүүдө.