Москва — Бишкек каттамы алгачкы ирет 23-сентябрда жүргүзүлөт.
РИА новости билдиргендей, аталган аба жол үчүн учурда билеттер сатыла баштады.
Эске салсак, буга чейин Россиянын коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабы
21-сентябрдан тарта Кыргызстан, Казакстан жана Беларусь менен аба каттамын жандантуу чечимин кабыл алган.
Ал эми Кыргызстандын Россиядагы элчилиги каттамдар жумасына эки ирет аткарыларын билдирген.