Бишкектин айрым аймактарында эртең жана бүрсүгүнү таза суу өчүрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, суу Калыс-Ордо, Мурас-Ордо конуштарында, Дэн Сяопин, Профсоюз, Патрис Лумумба көчөлөрүндө жок болот.
Убактылуу чектөөлөр суу дарбазасындагы оңдоо иштерине байланыштуу.