Япония космосто колдонула турчу косметиканы тартуулайт

Япония космосто колдонула турчу косметиканы тартуулайт.   Жаңычылдык экстрималдуу космостук айлана-чөйрөдө колдонууга ылайыкташат. Продукция   3 жылдын ичинде сатыкка чыгарылат.   Долбоордун авторлору билдиришкендей, жакынкы келечекте адамдар космоско эркин саякаттап башташы күтүлөт. Дал ошол себептен, космоско ылайыктуу буюмдар чыгарылып жатат.

Билим берүү министрлиги 200дөн ашык окуу куралдарын санариптештирди

Билим берүү министрлиги 200дөн ашык окуу куралдарын санариптештирди. Электрондук китептер 4 тилде ведомствонун сайтында жеткиликтүү – кыргыз, орус, өзбек жана тажик.   Андан тышкары, IT-адистери менен биргеликте 500дөн ашык видео сабактар жүктөлдү.

Шайлоо алдында добуш сатып алуу фактылары үчүн чара көрүлөт

Шайлоо алдында добуш сатып алуу фактылары үчүн чара көрүлөт.   Генералдык прокуратурадан эске салышкандай, акча жана материалдык баалуулуктарды таратуу үчүн айып 260 миң сомго чейин жетиши мүмкүн.   Андан тышкары, акыркы күндөрү жарандар массалык түрдө жашаган жеринин даректерин алмаштырып жатканы тууралуу маалыматтар тарап жатат. Мындай… Кененирээк…

Нарын облусунун Ат-Башы районунун эки тургунунда сибирь жарасы аныкталды

Нарын облусунун Ат-Башы районунун эки тургунунда сибирь жарасы аныкталды. Бул тууралуу 24 агенттигине район администрациясынын башчысы Максат Кадыркулов билдирди.   Анын айтымында, алар Нарын шаардык ооруканасына жаткырылып, башка бейтаптардан обочолонду. Ал эми Кара-Тал айылында карантин жарыяланды. Белгилүү болгондой, инфекция уй этинен келип чыккан. Жалпысынан учурда… Кененирээк…

Бүгүн Кыргыз Премьер-Лигасынын 11-турдук оюндары болот

Бүгүн, 21-сентябрда Кант шаарындагы стадиондордо Кыргыз Премьер-Лигасынын (КПЛ) 11-турдук оюндары болот. Коронавирус пандемиясынан улам оюндар көрүүчүлөрсүз өтөт.   Оюндардын тизмеси: «Абдыш-Ата» (Кант) — «Дордой» (Бишкек), «Борбордук» стадиону (Кант шаары); Башкы калыс: Рысбек Шекербеков.   «Кара-Балта» (Кара-Балта) — «Нефтчи» (Кочкор-Ата), «Нитро Арена» стадиону (Кант шаары); Башкы калыс: Медер… Кененирээк…

Базар-Коргон районунда жаңы мектеп курулат

Базар-Коргон районунда жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды. Ага ылайык, 225 окуучуга эсептелген билим берүү мекемеси Жон айылында пайда болот.   Анын курулушуна 58,5 миллион сом бөлүнөт. Мектеп колдонууга кийинки жылдын сентябрына чейин берилип калат деп пландалууда.

Кыргызстанда атайын төлөмдөргө республикалык бюджеттен 5 миллиард 66 миллион сом бөлүндү

Кыргызстанда атайын төлөмдөргө республикалык бюджеттен 5 миллиард 66 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.   Андан белгилешкендей, бүгүнкү күндө өлкөдө пособие 508 миң 200 адамга берилет. “Үй-бүлөгө” көмөк линиясы менен 870 сомдон берилсе, социалдык пособиелердин орточо көлөмү 3 мин 82… Кененирээк…

Россияга бара турган кыргызстандыктар ПЦР анализдин таза жыйынтыгын көрсөтүшү керек

Россияга бара турган кыргызстандыктар ПЦР анализдин таза жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Бул тууралуу биздин өлкөнүн Россиядагы элчилигинен билдиришти.   Андан белгилешкендей, бүгүнтөн тарта эки өлкө ортосундагы аба каттамдар жанданды. Рейстер жумасына 2 ирет аткарылат. Тестти жүргүнчү Россиянын аймагына киргенге чейинки үч күндүн аралыгында тапшырышы зарыл. Анын… Кененирээк…

Кыргызстандын ооруканалары жана дарыканалары дары-дармек менен өз убагында камсыздалышы керек

Кыргызстандын ооруканалары жана дарыканалары дары-дармек менен өз убагында камсыздалышы керек. Республикалык штабка мындай тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов берди.   Өкмөт башчы белгилегендей, карантин учурунда зарыл болгон препараттардын жетишсиздиги катталып, курч абал жаралган.   Андыктан, экинчи толкун болуп калса, медициналык жайлар даяр болушу керек. Республикалык штабдан… Кененирээк…

АКШда “ТикТок” тиркемесин көчүрүүгө тыюу салынды

АКШда “ТикТок” тиркемесин көчүрүүгө тыюу салынды. Тиешелүү буйрукту президент Дональд Трамп чыгарды. АКШнын администрациясы ТикТок түзүүчүлөрүн америкалыктардын маалыматтарын Кытай бийлигине берип турушу мүмкүн деп айыптап жатат.   Ал эми колдонмонун ээси “ByteDance” мындай айыптоолорду четке кагууда.