Ысык-Көл облусунда 2 миңдей адам каржы пирамидасынан жабыркады

Ысык-Көл облусунда 2 миңдей адам каржы пирамидасынан жабыркады.

 

Аймактын прокуратурасынан билдиришкендей, келтирилген материалдык зыяндын суммасы 100 миллион сомго жетет. Пирамидалардын көбү Балыкчы шаарында катталган.

 

Мындай системаларды уюштургандар мамлекеттик органдарда кайрымдуулук фонддор жана жеке ишкерлер катары катталышкан. Айрым активдүү катышуучулар камакка алынды. Тергөө жүрүүдө.