Кара-Кечеге жаңы жол дээрлик курулуп бүттү

Кара-Кечеге жаңы жол дээрлик курулуп бүттү. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата узундугу 3 чакырым, кеңдиги 4 метр трасса салынды. Эми анын 200 метрге жетпеген тилкеси гана калды.

 

Эске салсак, өткөн жумада Жумгал районунда тоо көчүп, Кара-Кече кенине барчу стратегиялык жолду жаап калган. Түшкөн жер кыртышынын көлөмү 900 миң кубометрди түздү.