Евразия экономикалык союзундагы күйүүчү майга болгон эң төмөн баа Кыргызстанда

Евразия экономикалык союзундагы күйүүчү майга болгон эң төмөн баа Кыргызстанда. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, эң арзан бензин Казакстанда. Коңшу өлкөдө биздин республикадагы баадан 9 пайызга төмөн. Ошол эле учурда Россияда бензиндин наркы Кыргызстанга караганда 41 пайызга, Белоруска салыштырмалуу 56 пайызга, ошондой эле Армениядагы баадан… Кененирээк…

Медицина кызматкерлерине төлөнө турган компенсация айрым документтерди тактоо иштерине байланыштуу кармалып жатат

Медицина кызматкерлерине төлөнө турган компенсация айрым документтерди тактоо иштерине байланыштуу кармалып жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирет. Анын айтымында, бүгүнкү күндө коронавирустан каза тапкан 21-медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон берилди. Вируска кабылган 144 дарыгер 200 миң сомдон алышты. Учурда… Кененирээк…

Кыргызстанга Соль-Илецкиден 3 миң 415 мекендеш жеткирилди

Кыргызстанга Соль-Илецкиден 3 миң 415 мекендеш жеткирилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өлкөгө кайтарылган жарандар үймө-үй жеткирилди. Мекендештер эки этап менен автобуста алынып келинди. Эске салсак, буга чейин Россия-Казакстан чек арасында өтө албай 3 миң 200 кыргызстандык кармалып калган. Андыктан, чек аралар расмий түрдө ачылганга чейин… Кененирээк…

Кыргызстанга 7 компьютердик томография алынып келинет

Кыргызстанга 7 компьютердик томография алынып келинет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, медициналык жабдуулар облустарга таратылат. Мындан тышкары, Глобалдык фонддун долбоорлору боюнча үнөмдөлгөн каражатка Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жана Япониянын грантынын негизинде Улуттук госпиталга да компьютердик томография орнотулат. Эске… Кененирээк…

Каракол шаарындагы Жусуп Абдрахманов көчөсү оңдоп-түзөөдөн өттү

Каракол шаарындагы Жусуп Абдрахманов көчөсү оңдоп-түзөөдөн өттү. Калаа мэриясынан билдиришкендей, тилкеге бир гана жол белгилерин чийүү жумуштары калды. Ремонттолгон жолдун узундугу жалпысынан 2 чакырым 300 метрди түзөт. Долбоорду ишке ашырууга 74 миллион сом сарпталды.

Токмок шаарындагы оорукананын капиталдык оңдоп-түзөө иштери аягына чыгып калды

Токмок шаарындагы оорукананын капиталдык оңдоп-түзөө иштери аягына чыгып калды.  Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, учурда имараттын жана откананын эски чатыры менен электр тармактары алмаштырылып, ички жана сырткы жасалгалоо иштери жыйынтыкталууда. Жаңы эшик, терезе жана ички тосмолор орнотулуп, желдетүү, жылытуу системалары жана өрт өчүрүүчү сигнализациясы… Кененирээк…

Баткен облусуна киргизилген карантиндик чектөөлөр карадан алынды

Баткен облусуна киргизилген карантиндик чектөөлөр карадан алынды. Республикалык штабдан билдиришкендей, кечээ эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынган чечим кайрадан каралып чыкты. Эске салсак, Баткенде облус жана район аралык коомдук унаалардын каттамы убактылуу токтотулган. Мал базарлардын иштебей, мечиттерде жамаат менен жума намаздарын окулбай турганы айтылган. Эми аталган… Кененирээк…