Баткен облусунда күздүк эгин себүү башталды

Баткен облусунда күздүк эгин себүү башталып, Кадамжай районунда 22 гектар жерге айдалды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.   Облуста 2021-жылдын түшүмү үчүн 6 991 гектар жерге күздүк себүү пландалган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 1 984 гектар аянтка көп.   «Күздүк себүүнү утурлап,… Кененирээк…

Кыргызстанга кирүүгө уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмесине Венгрия да кошулду

Кыргызстанга кирүүгө уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмесине Венгрия да кирди. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев «Азаттыкка»​ билдиргендей, уруксат берүүдө башка мамлекеттердеги коронавируска байланышкан эпидемиологиялык кырдаал эске алынып жатат. Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө жалпы 33 өлкөнүн жарандарына Кыргызстанга кирүүгө уруксат бар. Тышкы иштер министрлигинин сунушу… Кененирээк…

Парагвайдын «Олимпия» клубунун президенти өмүрүнүн аягына чейин футболдон четтетилди

Парагвайдын «Олимпия» клубунун президенти өмүрүнүн аягына чейин футболдон четтетилди. ФИФАнын расмий сайтында айтылгандай, Марко Тровато 2018-19-жылдары өткөн бир катар беттештердин жыйынтыгын манипуляциялап, жең ичинен сүйлөшкөн деп айыпталууда. Мындан тышкары, ал иликтөө убагында комитет менен кызматташуудан баш тарткан. Аталган жазадан тышкары, Троватого 107 миң доллар айып салынды. Кошумчаласак,… Кененирээк…

Акыркы суткада Кыргызстанда дагы 142 адам коронавирус жана пневмониядан айыгып чыкты

Акыркы суткада Кыргызстанда дагы 142 адам коронавирус жана пневмониядан айыгып чыкты. Республикалык ыкчам штабдан билдиришкендей, сакайгандардын басымдуу бөлүгү Бишкекте жана Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында. Ушуну менен вирусту жеңгендердин жалпы саны 42 миң 761ге жетти.

“Кулунду” заставасынын жетекчиси пара алууга шектелип кармалды

“Кулунду” заставасынын жетекчиси пара алууга шектелип кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, 28 жаштагы шектүү Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлүнө 40 миң сом пара берип жатканда колго түштү. Кармалган адам коңшу өлкөлөрдөн келген контрабандалык жүктөрдү түйүндөн мыйзамсыз өткөрүү үчүн заставанын аскер кызматкерлерине чара көрбөө… Кененирээк…

Джеймс Кэмерон “Аватар” тасмасынын экинчи бөлүгүн тартуу иштери аягына чыкканын жар салды

Джеймс Кэмерон “Аватар” тасмасынын экинчи бөлүгүн тартуу иштери аягына чыкканын жар салды. Ошондой эле табышмактуу Пандора дүйнөсү тууралуу мегаблокбастердин үчүнчү бөлүгүнүн үстүндө иштөө аракеттери аяктап жатат. Болгону анын 5-10 пайызы гана калды. – деп белгиледи режиссер. Эске салсак, “Аватар 2” тасмасын тартуу иштери 2017-жылы башталган.… Кененирээк…

Арменияда эркектерге өлкөдөн чыгууга чектөө киргизилди

Арменияда эркектерге өлкөдөн чыгууга чектөө киргизилди. Авиация комитети билдиргендей, аскердик абал режиминен улам 18 жаштан 55 жашка чейинки эркектер өлкөдөн чыгарылбайт. Алар бир гана аймактык аскер комиссариаттарынын уруксат кагазы менен гана чыга алышат. Эске салсак, 27-сентябрда Армения жана Азербайжандын чектеш аймагында тоолуу Карабах Республикасында жаңжал чыгып,… Кененирээк…

Кыргыз сому 60 эсе кымбат сатылууда

Кыргыз сому 60 эсе кымбат сатылууда. Интернет аукционуна 200 сомдук купюра коюлду. Анын баштапкы баасы 150 доллар же 11 миң 900 сом. Банкнота 7 нөлдөн турган серияга кирет, бирок ошол эле учурда анын «Үлгү» деген белгиси жок. Белгилеп кетсек, катар номери жети нөлдөн турган банкноталар демонстрациялык… Кененирээк…

Баткен районунун Сары-Талаа айылынын көчөсү оңдолуп жатат

Баткен районунун Сары-Талаа айылынын көчөсү оңдолуп жатат. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, учурда тилкенин 1 чакырымына асфальт төшөлүүдө. Буга чейин айылдын ички жолунда катмар жок болчу. Ремонттоло турчу жолдун узундугу 1 чакырым 300 метрди түзөт. Ага республикалык бюджеттен 5,5 миллион сом каралды.

Бишкек мэриясы 9-кичирайондогу скверди оңдоп-түзөө ниетинде

Бишкек мэриясы 9-кичирайондогу скверди оңдоп-түзөө ниетинде. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, шаардык кызматтарга эс алуу жайынын эскиздик вариантын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Ошондой эле Сүйөркулов көчөсүндөгү ирригациялык тармак алмаштырылат, ал эми Саманчин тилкесиндеги чуңкурлар оңдоп-түзөөдөн өтөт.