Медицина кызматкерлерине төлөнө турган компенсация айрым документтерди тактоо иштерине байланыштуу кармалып жатат.
Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирет. Анын айтымында,
бүгүнкү күндө коронавирустан каза тапкан 21-медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон берилди.
Вируска кабылган 144 дарыгер 200 миң сомдон алышты. Учурда башка жагдайлар боюнча документтер каралууда.