УКМК жетекчиси Орозбек Опумбаев кызматтан кетти

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси Орозбек Опумбаев кызматтан кетти.   Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн  кол койду.    

Кыргызстандын өкмөтү отставкага кетти

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн отставкасын кабыл алган жарлыкка кол койду.   Жарлык кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирет.   “Жарлыкка ылайык, премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министрлер жаңы өкмөт түзүлгөнчө милдеттерин убактылуу аткарып турат”, — деп айтылат маалыматта.    

Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкектеги бөлүмдөрү ишин токтотту

Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкектеги бөлүмдөрү ишин токтотту.   Бул тууралуу ведомствонун басма-сөз кызматынан билдиришти. Андан такташкандай, саат 12.30дан тарта калкты тейлөө борборлору, “Унаа”, “Кыргызпочтасы” жана архивдер иштебейт.   Объектилер күнү-түнү кайтарууга алынды. Түзүмдөр качан ишин жандантат, азырынча белгисиз.

Парламенттик шайлоолор эми качан өтөт белгисиз

Парламенттик шайлоолор эми качан өтөт белгисиз. Бул тууралуу novosti.kgге БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.   Анын айтымында, шайлоолордун күнүн белгилөө үчүн Боршайкомдун курамы гана эмес, өкмөттүн, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарыны координациясы талап кылынат. Ошондой эле, министрлер кабинети шайлоолорду өткөрүүгө каражат бөлүп берүү суроосун… Кененирээк…

Жылуулук мектептерге дагы берилет

Жылуулук мектептерге дагы берилет. Бул тууралуу Novosti.kgге мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Андан такташкандай, учурда аралыктан окутуу болгонуна карабай, мугалимдер онлайн окутуу үчүн мектептерге келип жатат.   Ал эми бала бакчаларга жылуулук берүү суроосу бүгүн атайын топтун отурумунда чечилет.   Эске салсак, жылуулук сезону Бишкекте бүгүн… Кененирээк…

Фастфуд, консерва жана куурулган тамактардан пандемия маалында баш тарткан оң, себеби алар иммунитетти түшүрөт

Фастфуд, консерва жана куурулган тамактардан пандемия маалында баш тарткан оң, себеби алар иммунитетти түшүрөт. Дарыгер-эпидемиолог Ольга Ненастина билдиргендей, консерваланган тамактардан, кумшекерден алыс болуу сунушталат.   Алар кан тамырларын бууп, бактериялардын көбөйүшүн шарттайт. Ошондой эле, куурулган тамактар, фастфуд ден-соолукка пайда алып келбейт.

Кыргызстанда дагы 140 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 140 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 13, Ошто 65, Чүйдө 13, Ысык-Көлдө 8, Жалал-Абадда 21, Баткенде 20 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө коронавирусту жеңгендердин саны 44 миң 97ге жетти.

Португалияда футбол жылдызы Криштиану Роналдунун үйүн тоноп кетишти

Португалияда футбол жылдызы Криштиану Роналдунун үйүн тоноп кетишти. Окуя 7-октябрда катталды, бул күнү футболчу курама үчүн ойноп жаткан. Кылмышкер Мадейру аралындагы кымбат хан сарайга гараж аркылуу кире алды.   Кызыгы, ал биринчи кезекте Роналдунун колу коюлган футбол формасын ала чыккан. Андан башка келтирилген зыян такталып… Кененирээк…

Бишкектин ири дүкөндөрүнүн бир бөлүгү спирт ичимдиктерин кечкисин сатууну токтотуп тууруу чечимин кабыл алды

Бишкектин ири дүкөндөрүнүн бир бөлүгү спирт ичимдиктерин кечкисин сатууну токтотуп тууруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу элдик кошуундан билдиришти.   Эми бул супермаркеттерде алкоголдук суусундуктар кечки саат 6га чейин гана сатылат. Кечкисин ордо калаада коопсуздукту камсыздоо максатында, ыктыярчылар  башка дүкөндөрдү дагы ушундай кадамга чакырышууда.

Бишкекте түндө мародерлук фактылары катталган жок

Бишкекте түндө мародерлук фактылары катталган жок. Бул тууралуу ордо калаанын ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Милиция кызматкерлери элдик кошуундун мүчөлөрү менен биргеликте шаарды кайтарууга алышты.   Маанилүү стратегиялык объектилер, муниципалдык имараттар жана соода борборлору көзөмөлгө алынып, мародерлук, талап-тоноочулукка жол берилген жок.