Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкектеги бөлүмдөрү ишин токтотту.
Бул тууралуу ведомствонун басма-сөз кызматынан билдиришти. Андан такташкандай, саат 12.30дан тарта калкты тейлөө борборлору, “Унаа”, “Кыргызпочтасы” жана архивдер иштебейт.
Объектилер күнү-түнү кайтарууга алынды. Түзүмдөр качан ишин жандантат, азырынча белгисиз.