Бишкекте күндүзгү стационарларды ачууга зарылчылык жок

Бишкекте күндүзгү стационарларды ачууга зарылчылык жок. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева жарыялады. Анын айтымында, учурда эки шаардык оорукананы ачууга даярдыктар көрүлүүдө.   Ошондой эле, Октябрь районунда бөлүштүрүүчү борборду ачуу суроосу каралып жатат. Пландалгандай, ал жерге бардык бейтаптар жеткирилип, кийин башка ооруканаларга бөлүштүрүлөт.   Эгер андан… Кененирээк…

Бишкекке бүрсүкүнү 13-ноябрда чыныгы кыш келет

Бишкекке бүрсүкүнү 13-ноябрда чыныгы кыш келет. Синоптиктердин маалыматына караганда, бүгүн күндүз абанын табы 15 градуска чейин жогорулайт. Түнкүсүн да ишенимдүү түрдө + көрсөткүчүндө болот. Бирок эртең бир аз термометр мамычалары төмөндөйт. Күндүз жаан жаайт. Жумадан тартып түнкүсүн 0 болсо, күндүз +2 градуста кармалат жана кар… Кененирээк…

Эң көп сатылган смартфондор аталды. жалпы сатылгандардын саны боюнча Samsung алдыга чыкты

Эң көп сатылган смартфондор аталды. жалпы сатылгандардын саны боюнча Samsung алдыга чыкты. Үчүнчү кварталда аталган үлгүдөгү 80 миллиондон ашык телефон сатылды. Экинчи орунду Huawei ээледи. Андан 51 миллион 700 миң смартфон сатылып алынган. Xiaomi үчүнчү тепкичте калды. Белгилеп кетсек, дүйнө боюнча 2020-жылдын үчүнчү кварталында 348… Кененирээк…

Кыргызстанда акыркы суткада 532 адам ковидди жеңип чыкты

Кыргызстанда акыркы суткада 532 адам ковидди жеңип чыкты. Республикалык штабдан билдиришкендей, айыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкекке, Ошко, Баткенге жана Жалал-Абадга туура келет. Ушуну менен өлкө боюнча вирустан айыккандардын жалпы саны 55 миң 306 адамга жетти.

Кыргызстанда уй эти кымбаттады

Кыргызстанда уй эти кымбаттады. Баанын өсүшү килограммына орточо эсеп менен 5,9 пайызды же 22 сомду түзөт. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, октябрдын башында уй этинин орточо наркы 378 сомдун тегерегинде болсо, айдын соңунда 400 сомго чейин жогорулады. Эң кымбат эт Жалал-Абадда жана Кара-Сууда – килограммы 430… Кененирээк…

Көк бөрү боюнча президенттин кубогуна “Ынтымак” командасы ээ болду

Көк бөрү боюнча президенттин кубогуна “Ынтымак” командасы ээ болду. Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, жыйынтыктоочу оюнда Талас облусунун командасы 9:2 эсебинде Ош облусунун “Достук” курамасын жеңип алды. Белгилеп кетсек, оюндар Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өттү.

Бишкекте күзгү көчөттөрдү отургузуу сезону башталды

Бишкекте күзгү көчөттөрдү отургузуу сезону башталды. “Бишкек жашылдандыруу” муниципалдык  ишканасынын кызматкерлери Анкара жана Виноградный көчөлөр кесилишиндеги скверге 80ден ашык көчөт тигишти. Андан тышкары Салиева көчөсүнүн бир бөлүгүнө да 80ден ашык көчөт отургузулду. Жаш дарактарды тигүү жумуштары уланууда.

Кыргызстанда акыркы айда койдун эти орточо эсеп менен 2,5 пайызга же 9 сомго кымбаттады

Кыргызстанда акыркы айда койдун эти орточо эсеп менен 2,5 пайызга же 9 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин материалында айтылат. Алсак, октябрдын башында кой этинин орточо баасы 375 сом болсо, октябрдын аягында 384 сомго чейин жогорулады. Баалардын өсүшү боюнча жогорку көрсөткүч Ош облусунун Кара-Суу… Кененирээк…

Мектептерди дезинфекциялоо иштерине 185 миллион сом бөлүндү

Мектептерди дезинфекциялоо иштерине 185 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев билдирет. Анын айтымында, мектептерде төртүнчү жана биринчи чейректерде окуучулар аралыктан окуганына байланыштуу ысык тамактар уюштурулбай калганынан улам каражат үнөмдөлдү. Эске салсак, өлкө бийлиги бүгүнтөн тартып республика… Кененирээк…

Быйыл Кыргызстан Казакстандан дээрлик 500 миллион кВт/саат электр энергиясын сатып алат

Быйыл Кыргызстан Казакстандан дээрлик 500 миллион кВт/саат электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынан билдиришти. Маалыматка караганда, коңшу өлкө сентябрдан декабрга чейин электр энергиянын 1 кВт/саатын 2,4 центтен берет. Жакынкы күндөрү Казакстан Кыргызстанга электр энергиясын экспорттоп баштайт, — деп белгилешти ишканадан. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…