Быйыл Кыргызстан Казакстандан дээрлик 500 миллион кВт/саат электр энергиясын сатып алат.
Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынан билдиришти. Маалыматка караганда,
коңшу өлкө сентябрдан декабрга чейин электр энергиянын 1 кВт/саатын 2,4 центтен берет.
Жакынкы күндөрү Казакстан Кыргызстанга электр энергиясын экспорттоп баштайт, — деп
белгилешти ишканадан. Белгилеп кетсек, учурда Токтогул суу сактагычында
суунун көлөмү 14 миллиард 556 миллион кубометрди түзөт.