Көк бөрү боюнча президенттин кубогуна “Ынтымак” командасы ээ болду.
Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, жыйынтыктоочу оюнда
Талас облусунун командасы 9:2 эсебинде Ош облусунун “Достук” курамасын жеңип алды.
Белгилеп кетсек, оюндар Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өттү.