Министрлик тышкы карызды төлөөнүн жолун айтып, ачылган эсепти жарыялады

Финансы министрлиги Кыргызстандын тышкы карызын төлөө үчүн атайын эсеп ачуу боюнча чыккан токтом долбоорун жарыялады. Анда бардык каалоочу жарандар, ишкерлер же юридикалык тараптар өлкөнүн карызын төлөө үчүн каражат которо алары жазылган. Эсеп ачууга калктын карыздан кутулууга көмөк көрсөтүү ниети менен кайрылганы негиз болгон. Мындай жол… Кененирээк…

Жерге ири астероид жакындап келе жатат

Жерге өлчөмү 370ден 820 метрге чейинки 153201 (2000 WO107) астероиди жакындап келе жатат. Бул тууралуу НАСАнын Жерге жакын объектилерди изилдөө борборунун сайтында айтылганын РИА Новости жазды. Астероид Жер планетасына 29-ноябрда Бишкек убактысы боюнча саат 12:00дө жакындайт. Бул аралык Ай менен жертин ортосундагы узундуктан 11 эсе көп. Ошондуктан… Кененирээк…

Абактагы 230 адам мунапыс боюнча бошотулду

Кыргызстанда абакта отурган 230 адам мунапыс боюнча бошонуп чыкты. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 230 адамды абактан бошотуу жана 38 адамдын жаза мөөнөтүн кыскартуу тууралуу жарлыкка премьер-министрлик кызматты убактылуу тапшырган Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турганда кол койгон.  … Кененирээк…

Жылдын эң кымбат шаарлары аталды

Жылдын эң кымбат шаарлары аталды. Рейтингдеги үчилтик Гонконг, Париж, Цирюх калааларынан түзүлдү.  Тизмени британиялык “Economist Group” компаниясы түзгөн.   Анда ошондой эле, Сингапур, Тель-Авив, Осака, Женева, Нью-Йорк, Копенгаген, Лос-Анжелес кирди. Ал эми  эң арзан шаарлардын катарына Алмата, Каракас, Ташкент кирген.

Улуттук банк бешинчи жолу  интервенция өткөрдү

Улуттук банк бешинчи жолу  интервенция өткөрдү. Сомду коргоо максатында эл аралык валюта рыногуна 3 миллион доллар сатты.  Ноябрдан тарта жалпысынан 53 миллион доллардан ашык сатылды. Америкалык валютанын куну 2 айдан бери серпилүүдө.   Өткөн жумада ал дароо 2,5 сомго кымбаттады. Интервенциядан кийин кайра курс турукташып… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азайды

Токтогул гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 2020-жылдын 20-ноябрына карата 14,2 млрд. куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынынын сайтында кабарланды. 2019-жылдын куду ушул датасында кампадагы көрсөткүч 16,6 млрд. куб метр болгон. Башкача айтканда бир жыл мурункуга караганда суу 2,4 млрд. куб… Кененирээк…

Тажикстанда жаңы жылдык салтанаттар өткөрүлбөйт

Тажикстанда жаңы жыл майрамына карата салтанаттарды өткөрүүгө тыюу салынды. «Азаттыктын» тажик кызматы кабарлагандай, Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб ушундай чечим чыгарган.   Адистер муну дүйнөнүн көп мамлекеттеринде COVID-19 илдетинин экинчи толкуну башталганы, экономикалык жана каржылык кризис күчөп, жумушсуздук көбөйгөнү менен негиздешти.   Коомдук жайларда… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, кечки 5ке чейин жарык Гоголь, Москва, Сүйүмбаев, Осмонкул, Фрунзе көчөлөрүндө, Ак-Тилек, Ак-Босого, Алтын-Бешик конуштарында, Мраморное, Лесхоз, Октябрь, Степное, Жаңы-Жер айылдарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Жалал-Абад шаарынын мэри 3-декабрда шайланат

Жалал-Абад шаарынын мэри 3-декабрда шайланат. Добуш берүү күнүн БШК белгиледи. Комиссиядан белгилешкендей, 17-ноябрда өтө турган шайлоолорго  бир эле талапкер катталып, ал көп өтпөй арызын кайтарып алган.   Андыктан, кайра шайлоо дайындалды. Эске салсак, Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри Мураталы Тагаев  6-октябрда отставкага кетти.

Жалал-Абад шаарында 23-ноябрдан тарта мектептер жана башка коомдук жайлар иштеп баштайт

Жалал-Абад шаарында 23-ноябрдан тарта мектептер жана башка коомдук жайлар иштеп баштайт. Мэриядан билдиришкендей, 1-5-9 жана 11-класстын окуучулары билим алуунун салттуу форматына өтөт.   Ал эми калган класстын окуучулары онлайн окуусун уланта бермекчи. Чечим менчик мектептерге да тиешелүү. Ал эми бала бакчаларга, интернет клубдарына, той-аштарга байланыштуу… Кененирээк…