Улуттук банк бешинчи жолу интервенция өткөрдү. Сомду коргоо максатында эл аралык валюта рыногуна 3 миллион доллар сатты. Ноябрдан тарта жалпысынан 53 миллион доллардан ашык сатылды. Америкалык валютанын куну 2 айдан бери серпилүүдө.
Өткөн жумада ал дароо 2,5 сомго кымбаттады. Интервенциядан кийин кайра курс турукташып баштаган. Бирок эс алуу күндөрү доллардын куну кайра көтөрүлүп, 84 сом 50 тыйынга жетти.