Жылдын эң кымбат шаарлары аталды. Рейтингдеги үчилтик Гонконг, Париж, Цирюх калааларынан түзүлдү. Тизмени британиялык “Economist Group” компаниясы түзгөн.
Анда ошондой эле, Сингапур, Тель-Авив, Осака, Женева, Нью-Йорк, Копенгаген, Лос-Анжелес кирди. Ал эми эң арзан шаарлардын катарына Алмата, Каракас, Ташкент кирген.