Жалал-Абад шаарынын мэри 3-декабрда шайланат. Добуш берүү күнүн БШК белгиледи. Комиссиядан белгилешкендей, 17-ноябрда өтө турган шайлоолорго бир эле талапкер катталып, ал көп өтпөй арызын кайтарып алган.
Андыктан, кайра шайлоо дайындалды. Эске салсак, Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри Мураталы Тагаев 6-октябрда отставкага кетти.