Жалал-Абадда Жаңы жылдык балаты орнотулуп баштады
Жалал-Абад шаарында Жаңы жылдык балаты орнотулуп баштады. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарында Жаңы жылдык балатыны орнотуу иши башталды. «Быйыл жаңы балаты алынбайт, өткөн жылдагы колдонулат«, — деп айтылат маалыматта.