Өкмөт этти чет мамлекеттерге чыгарууга тыюу салган эмес. Бул тууралуу айыл-чарба министри Тилек Токтогазиев жарыялады. Анын айтымында, чектөөлөр мал-жандыктарга гана киргизилди.
Бул кийин малдын жетишсиздиги болбошу үчүн кабыл алынган чара, — деди чиновник. Ошондой эле Токтогазиев белгилегендей, Кыргызстанда асыл-тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча программа иштелип жатат.