Бир оператордон экинчисине чалуу эми арзаныраак болот

Бир оператордон экинчисине чалуу эми арзаныраак болот. Өкмөт аппаратынын маалыматына ылайык, буга чейин 3 сом 50 тыйынды түзгөн тариф эми 1 сомду түзөт.

 

Министрлер кабинетинен белгилешкендей, бүгүнкү күндө интернет жана байланыш – жашоонун маанилүү бөлүгү. Андыктан, тармакты өнүктүрүүгө, байланышты калк үчүн жеткиликтүү кылууга көңүл бурулат. Күтүлгөндөй, тарифтер кийинки жылы төмөндөтүлөт.