Жалал-Абадда Жаңы жылдык балаты орнотулуп баштады

Жалал-Абад шаарында Жаңы жылдык балаты орнотулуп баштады. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарында Жаңы жылдык балатыны орнотуу иши башталды.
«Быйыл жаңы балаты алынбайт, өткөн жылдагы колдонулат«, — деп айтылат маалыматта.