Электр энергиясы үчүн төлөм жүргүзө элек жарандар бүгүн жарыктан өчүрүлөт

Электр энергиясы үчүн төлөм жүргүзө элек жарандар бүгүн жарыктан өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, учурга карата бересеси бар керектөөчүлөрдүн саны миңден ашат.

 

Суукта жарыгы жок калбаш үчүн, бөлүштүрүүчү компания электр энергиясы үчүн төлөмдү бүгүн жүргүзүүнү сунуштайт. Төлөмдөр банк терминалдары, электрондук капчыктар жана почта бөлүмдөрү аркылуу кабыл алынат.